Химиялык реакциялары (металл, суутек, суу, щелоч менен)
Негизги кошулмалары (туз кислотасы, туздар)
ЖРТ суроолоруна даярдык
Галогендер – бул эмне?
Галогендер – Периоддук системанын 7A тобуна (17-топ) кирген активдүү металл эмес элементтер. Алар 2 атомдуу молекула түрүндө болот жана реакцияга абдан активдүү киришет.
Галогендердин тизмеси:
Фтор — F2, эң реакцияга жөндөмдүү
Хлор — Cl2, жыты күчтүү, жашыл-сары газ
Бром — Br2, суюк, күрөң түстүү
Йод — I2, кызгылт-күрөң кристалл
Астат — At2, радиоактивдүү, сейрек кездешет
Жалпы мүнөздөмөлөрү:
7 валенттик электроны бар
Жөнөкөй молекула түрүндө (X2)
Күчтүү тотуктуруучу агенттер (электрон кабыл алат)
Табиятта түз түрүндө эмес, туз түрүндө кездешет (NaCl ж.б.)
Галогендерди алуу жолдору
Галоген туздарынан электролиз аркылуу:
2NaClэлектролиз2Na+Cl2↑
Концентрленген HCl менен KMnO4 реакциясы аркылуу Cl2 алуу → (лаборатоориялык ыкма)
Галогендердин химиялык касиеттери
Металлдар менен реакция кылат → Галогенид түзөт
2Na+Cl2→2NaCl
→ Иондук туз пайда болот. Бул реакция катуу күйүү менен жүрөт.
Суутек менен реакция кылат
H2+Cl2→2HCl
→ Жарык же ысытуу шартында жүрөт. Газ түрүндөгү суутек хлорид алынат. Сууда эрисе — туз кислотасы (HCl) пайда болот.
Суу менен реакция (айрымдары гана)
Фтор:
F2+H2O→HF+O2
→ Фтор сууну ажыратып жиберет!
Щелочтор менен реакция (диспропорция реакциясы)
Cl2+2NaOH→NaCl+NaClO+H2O
→ Ошол эле зат бир убакта тотуктанып жана калыбына келип жатат.
Галогендердин кошулмалары
Галоген суутектер (HX)
HF — фтор суутек, тиш эмалына таасир этет
HCl — хлор суутек, туз кислотасын берет
HBr — бром суутек, күчтүү кислота
HI — йод суутек, абдан күчтүү кислота
→ Бардыгы сууда жакшы эрийт → күчтүү кислота түзөт.
Галоген туздары (NaCl, KBr, CaF2 ж.б.)
NaCl — аш тузу, электролиз
KBr — фотографияда колдонулат
CaF2 — оптикалык айнектер, тиш пастасы
Галоген оксиддери жана кычкылдары
→ Адатта туруксуз же абдан реакцияга жөндөмдүү. Мисалы:
Cl2O7+H2O→2HClO4
→ Хлордун жогорку оксидинен — күчтүү кислота.
Реакциянын активдүүлүк рети (галогендердин бири-бирин сүрүп чыгаруусу)