Бул темадан үйрөнөсүң:
- Органикалык реакциялар кандайча жүрөт
- Реакциялардын негизги түрлөрү жана механизмдери
- Ар бир реакциянын мисалы, формуласы, ЖРТ логикасы
- Заттар кандай шартта өзгөрөт – функционалдык топтордун алмашуусу
Органикалык реакция деген эмне?
Органикалык реакция — бул органикалык бирикмелердин катышуусунда жүргөн, жаңы заттар түзүлүүчү химиялык процесстер.
Реакциянын негизги максаты:
Заттын структурасын өзгөртүү, жаңы функционалдык топ түзүү же эскисин алмаштыруу.
Негизги реакция типтери:
- Кошулуу (Присоединение) — заттар биригип бир жаңы зат пайда болот.
- Ажыроо (Эллиминация) — бир заттан бир нече зат ажырап чыгат.
- Алмашуу (Замещение) — бир атом же топ экинчиси менен алмашат.
- Изомеризация — молекуланын түзүлүшү өзгөрөт, курамы ошол эле бойдон.
- Полимерлешүү — көп молекулалар биригип чоң молекула (полимер) түзөт.
- Оксидденүү-калыбына келүү — электрон берүү/алуу менен жүргөн реакциялар.
Кошулуу реакциясы (Присоединение)
Чектүү эмес көмүр суутектерге мүнөздүү (алкендер, алкиндер).
Жалпы формула:
A+B→AB
Мисал: CH2=CH2+H2→CH3–CH3. Этенге суутек кошулуп этан түзүлөт. Бул реакцияда кош байланыш бузулат, ордуна жаңы байланыш түзүлөт.
Ажыроо реакциясы (Эллиминация)
Жаңы кош байланыш пайда болот, суунун, суутектин ажырашы менен.
Жалпы формула:
AB→A+B
Мисал: CH3–CH2–OHH2SO4,tCH2=CH2+H2O. Спирттен суу ажырап чыгып алкен пайда болот (этен).
Алмашуу реакциясы (Замещение)
Жөнөкөй бирикмелерге (алкандар, ароматтык кошулмалар) мүнөздүү.
Жалпы формула:
AB+C→AC+B
Мисал: CH4+Cl2hvCH3Cl+HCl. Метан менен хлор реакцияга кирип метилхлорид пайда болот.
Изомеризация реакциясы
→ Заттын курамы өзгөрбөйт, бирок түзүлүшү же жайгашуусу өзгөрөт.
Мисал: CH3–CH2–CH2–CH3→(CH3)2CH–CH3. Бутан → Изобутан.
Полимерлешүү реакциясы
→ Кичинекей молекулалар (мономерлер) узун чынжырлуу молекулага (полимерге) айланат.
Мисал: nCH2=CH2→–(CH2–CH2)–n. Этенден полиэтилен (пластмасса) пайда болот.
Оксидденүү-калыбына келүү реакциясы
→ Электрон берүү (оксидденүү) же алуу (калыбына келүү).
Мисал: CH3–CH2OH[O]CH3–COOH. Спирт → Кислота (этанол → этан кислотасы).
ЖРТ формасындагы мисалдуу суроолор
1. Кошулуу реакциясынын мисалы кайсы?
А) CH4 + Cl2 → CH3Cl + HCl
Б) CH3–CH=CH2 + HBr → CH3–CHBr–CH3
В) CH3–CH2–OH → CH2=CH2 + H2O
Г) CH2=CH2 → –(CH2–CH2)–ₙ
2. Кайсы реакцияда суу бөлүнүп чыгат?
А) Кошулуу
Б) Ажыроо
В) Полимерлешүү
Г) Изомеризация
3. Метан менен хлор реакциясы – кайсы тип?
А) Алмашуу
Б) Кошулуу
В) Полимерлешүү
Г) Изомеризация
4. CH3–CH2OH → CH3COOH – бул кандай реакция?
А) Полимерлешүү
Б) Калыбына келүү
В) Оксидденүү
Г) Изомеризация
5. CH3CH=CH2 + H2 → CH3CH2CH3 – кандай реакция?
А) Ажыроо
Б) Кошулуу
В) Замещение
Г) Изомерия
Кыскача жыйынтык
- Органикалык реакциялар 6 негизги типке бөлүнөт: кошулуу, ажыроо, алмашуу, изомерия, полимерлешүү, оксидденүү-калыбына келүү.
- Реакциянын түрү заттын түзүмүнө жана классына жараша аныкталат.
- ЖРТда реакция теңдемелерин таануу жана классификациялоо — негизги талап.