Главная / Предметы / Химия ЖРТ / Жалпы химия / Заттын түзүлүш бирдиктери: атом, молекула, ион.
Атом — химиялык заттын түзүлүшүндөгү эң кичине бөлүкчөсү, анын бардык химиялык касиеттерин сактайт.
Мисал: Кычкылтек (O): Протон – 8, Нейтрон – 8, Электрон – 8.
Молекула — эки же андан көп атомдордон түзүлгөн жана заттын химиялык касиеттерин сактаган эң кичине бөлүк.
Мисалдар: Суу: → 2 атом H + 1 атом O; Азот газы: → 2 атом N; Метан: → 1 атом C + 4 атом H.
Ион — бул заряддуу бөлүкчө, ал атом же молекула электронду жоготкондо же алган учурда пайда болот.
Электролиттер эригич заттар катары иондорго ажырайт (мис., туз, кычылдар).
1. Кайсынысы заттын химиялык касиетин сактаган эң кичине бирдик? А) Атом Б) Молекула В) Ион Г) Ядро
2. Na⁺ иону кандайча пайда болот? А) Протон жоготот Б) Электрон алат В) Электрон жоготот Г) Электрон бөлүшөт
3. Кайсы бөлүкчө терс зарядга ээ? А) Протон Б) Нейтрон В) Катион Г) Электрон
4. Cl⁻ иону кайсы процесс менен пайда болот? А) Электрон жоготуп Б) Электрон алып В) Протон жоготуп Г) Нейтрон кошуп